Бүгүн бийлик өкүлдөрү Нарын облусунун Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушууга Тогуз-Торо районунун 200дөн ашуун тургуну катышты. Алар жеке көйгөйлөрүн ооз эки жана жазуу түрүндө билдиришти. Негизинен жеке бузулган укуктары, түрдүү адилетсиздиктер, социалдык көйгөйлөр, коррупциялык иштер, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер тууралуу суроо-талаптарын узатып, жетекчилик тарабынан тийиштүү жооп берилди.
"Башкы прокурор тарабынан айрым кайрылуулар жеринде чечилип, ал эми мөөнөт талап кылуучу арыз-даттанууларды кыска аралыкта чечүү убадасы берилди", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн калк менен жолугушуусу Нарын облусунда уланып жатат. Мындай жолугушуулар президенттин тапшырмасы боюнча өткөрүлүүдө.