Өлкөдө зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү борбор түзүлөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде зомбулуктан жапа чеккен аялдарга комплекстүү кызмат көрсөтүү боюнча бирдиктүү борборду түзүү маселеси талкууланды.

Министрликтен билдиришкендей, бирдиктүү борбор зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга комплекстүү кызматтарды, атап айтканда укуктук, психологиялык, социалдык жардамдарды көрсөтөт.

Борборду түзүүгө жооптуу ведомстволор аралык жумушчу топко Эмгек министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз эксперттер кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан