Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 428 миллион метр кубду түздү

Бүгүн, 13-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 428 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коому тарабынан маалым болду.

Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 357 метр куб, агып чыгышы 167 метр кубду түзүүдө.

Эскерте кетсек, өткөн 2021-жылдын дал ушул күнү суунун көлөмү 12 миллиард 152 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан