ИИМ: Акыркы жети айда өспүрүмдөрдү зордуктоо фактысы боюнча 25 кылмыш иши сотко өттү

Быйылкы жылдын жети айында балдарга карата сексуалдык зомбулукка байланыштуу 80 кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кенештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети менен Социалдык саясат комитети чогуу өткөргөн жыйында билдирди.

Аталган жыйында Башкы прокуратура менен ИИМдин өкүлдөрү Кадамжайда киши колдуу болуп мыкаачылык менен каза тапкан 14 жашар Айдай Кочкорованын иши боюнча маалымат берүүдө.

Анда Абдиев быйылкы жылдын жети айында балдарга карата сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнүн, 31 кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатканын билдирди. Ал эми балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 кылмыш иши тергелген. Анын 25и сотко өтсө, 3 кылмыш иши токтотулуп, дагы 11 кылмыш ишин тергөө уланууда.

Эске салсак, 4-сентябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Ноогардан айылында саат 15:25 чамасында сел өтүүчү тоннелдин ичинде колу артка жип менен байланган, моюнунан жип менен муунтулуп киши колдуу өлтүрүлгөн кыздын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары жалпысынан 4 жаран кармалган.

Президент бул иш анын жеке көзөмөлүндө болорун айтса, Башкы прокуратура күнөөлүүлөр өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин билдирген. Аталган окуядан кийин зордукчуларга өлүм жазасын киргизүү маселеси парламентте да айтылды. Ал арада педофилдерди бычуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан