Кадамжай районунда окуучу кызды өлтүрүүгө шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 4-сентябрь күнү саат 15:25 чамасында милицияга Кадамжай районунун Ноогардан айылында жайгашкан бакчада белгисиз кыздын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, төмөнкүлөр аныкталган: 4-сентябрь күнү саат 15:25 чамасында Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылынын түштүк тарабында өзүнүн малын кайтарып жүрүп, сел өтүүчү тоннелдин ичинде кыздын жансыз денеси жаткандыгын көргөн.
Окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда колу артка жип менен байланган, моюнунан жип менен муунтулуп киши колдуу өлтүрүлгөн кыздын жансыз денеси табылган. Аты-жөнү такталып, ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну, 2008-жылы туулган К.А. экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 3 тургуну (1997-жылы туулган М.Ш., 1995-жылы туулган Г.Д. жана 1998-жылы туулган А.у.С.) кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ал эми кылмыш иши боюнча далилдерди алуу максатында Кадамжай районунун тургуну, 1995-жылы туулган Г.Д. аттуу шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, анын Хюндай-Соната үлгүсүндөгү унаасы далил катары алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.