Садыр Жапаров эртең Самарканд шаарына иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 14-16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери уюмдун форматындагы көп тараптуу жана көп векторлуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясаттын маселелерин талкуулашат.

Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Самарканд декларациясына кол коюлат.

Ошондой эле ШКУга мүчө өлкөлөрдүн саясий, экономикалык, социалдык-маданий жана башка чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө, ошондой эле ШКУ уюмунун ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө жана жакшыртууга багытталган макулдашууларга жана документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Экология маселелери, эл аралык азык-түлүк коопсуздугу, энергетикалык коопсуздук жана башка актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулат", - деген Муратбек Азымбакиев.

Өзбек тараптын төрагалыгы астында өтүүчү Кеңештин ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин – Орусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Кытай Эл Республикасынын, Пакистандын, Индиянын мамлекет башчылары катышат.

Президент Садыр Жапаров ШКУнун алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин, Иран Ислам Республикасынын президенти Ибрахим Раиси, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Алдыдагы саммиттин ишине ШКУда байкоочу статусуна ээ болгон Беларусь, Иран Ислам Республикасы жана Монголиянын президенттери да катышат. Ал эми Түркмөнстандын, Түркиянын, Армениянын жана Азербайжандын президенттери, БУУ, КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ жана башка бир катар ири эл аралык уюмдардын жетекчилиги ардактуу конок катары катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан