ИИМдин ички аскерлеринде күзгү чакыруу башталды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, ушул жылдын 13-сентябрынан баштап ИИМдин ички аскерлеринин аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жаш жоокерлерди кабыл алуу ишке ашырыла баштады.
Аскерге жаңыдан чакырылгандар, аскер бөлүгүнө келгенге чейин жер-жерлердеги аскер комиссариаттарында тийиштүү комиссиялардан, анын ичинде медициналык кароодон да өтүшкөн. Жаңы толуктоону аскер бөлүктөрүндө чоң салтанат менен тосуп алышууда.
Алар бир ай ичинде “Жаш жоокерлер" курсунан өтүшөт. Мындан сырткары министрликтин ички аскерлеринин катарында кызмат өтөөгө ылайыктуу болгон негизги талаптарды үйрөнүшөт. Бул даярдоо курсу аяктаган соң, ар бир жоокер мекен алдында ак кызмат өтөө боюнча ант берет жана андан ары тийиштүү аскер бөлүктөрүнө бөлүштүрүлөт.