ИИМ: "Кадамжайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм кыздын иши жакында сотко өтөт"

Кадамжайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жаштагы Айдай Кочкорованын өлүмү боюнча иш жакынкы аралыкта сотко өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Азыркы учурда окуя боюнча далил заттар алынды. Экспертиза дайындалып, күбөлөрдүн баары такталды. Жакынкы аралыкта иш сотко өтөт”, - деди ал.

Аталган жыйында Башкы прокуратура менен ИИМдин өкүлдөрү Кадамжайда киши колдуу болуп мыкаачылык менен каза тапкан 14 жашар Айдай Кочкорованын иши боюнча маалымат берүүдө.

Анда Абдиев быйылкы жылдын жети айында балдарга карата сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнүн, 31 кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатканын билдирди. Ал эми балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 кылмыш иши тергелген. Анын 25и сотко өтсө, 3 кылмыш иши токтотулуп, дагы 11 кылмыш ишин тергөө уланууда.

Эске салсак, 4-сентябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Ноогардан айылында саат 15:25 чамасында сел өтүүчү тоннелдин ичинде колу артка жип менен байланган, моюнунан жип менен муунтулуп киши колдуу өлтүрүлгөн кыздын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары жалпысынан 4 жаран кармалган.

Президент бул иш анын жеке көзөмөлүндө болорун айтса, Башкы прокуратура күнөөлүүлөр өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин билдирген. Аталган окуядан кийин зордукчуларга өлүм жазасын киргизүү маселеси парламентте да айтылды. Ал арада педофилдерди бычуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maria87
2022-09-13 18:58:00
Кыргызстан агрессивный коомго айланып кетти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан