Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңеште укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет жыйыны болуп жатат. Жыйынга коргоо министри Бактыбек Бекболотов катышып эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берүүдө.
Ал акыркы айдагы өзүн-өзү атып алды делген жоокерлердин окуяларына токтолду.
"Мындай окуялар болуп турат. Мен акыркы эки окуя боюнча маалымат берейин. Эки иш боюнча кылмыш иши козголуп, аскер прокуратурасы ишти карап жатат. Биринчисинде түнкү саат 2де постто турган жоокер өзүнө ок аткандан кийин келген кызматкерлер текшерүүдө бордюрдан алганда шакек табышкан. Ушул жагы дагы каралып жатат. Биринчи жана экинчи окуяда "дедовщина" деген түшүнүктү колдонууга болбойт. Себеби азыр бардык жоокерлер бир призыв менен келишет. Биринчи, экинчи рота, батальон деген жок. Кой-Таштагы каза болгон жоокер 22-23 жашта. Аны бирөө сабады деген бул жерде турбайт. Экинчи аскер институттагы солдат боюнча айтсам. Эки айдан кийин үйүнө кетмек. Ал жерде дагы "дедовщина" дегенди колдонгонго болбойт. Ал эки кат калтырган. Бирөөсүндө Ата-энем ажырашып кеткен, атам зөөкүр болчу деп жазса, экинчисин шашып жазып, прапорщик мени акчага сындырды деген.
Ал жоокерге прапорщик келип эскертүү бергенде "мен баарынан тажадым" кааласаңар камап салгыла деп кетип калган. Ал качып кетип аны мындай жолго барба деген досуна ок чыгарып, андан кийин өзүн атып алган. Тилекке каршы, аскер бөлүктөрдө мындай окуялар мурунтан болуп келген, азыр да болуп жатат", - деди Бекболотов.