Кыргызстанда миграциялык борбор ачуу пландалууда

Бүгүн, 13-сентябрда Москва шаарында Кыргызстандын аймагында Орусиянын миграция борборунун өкүлчүлүгүн ачуу маселеси талкууланды.
Билдирүүгө ылайык, аталган маселе эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Москва шаарынын Көп функционалдуу миграция борборунун башкы директору Сергей Балдин, Москва шаарынын миграциялык саясат башкармалыгынын башчысы Евгений Кугаков жана башка жооптуу адамдардын катышуусу менен өткөн көчмө жолугушууда каралган.
"Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз өлкөсүнүн аймагында мамлекеттик "миграциялык борбор" өкүлчүлүгүн ачуу, ошондой эле Кыргыз жарандарын Орусия аймагына кеткенге чейин медициналык күбөлөндүрүү, манжа изин алуу (дактилоскопия) жана сүрөткө тартуу процедураларын алдын ала өткөрүү маселелери каралды.
Ошондой эле тараптардын Москва шаарынын мамлекеттик “Көп функционалдуу миграциялык борбордун” иши менен таанышуусу орун алды. Бул борбордо чет өлкөлүк жарандар Орусиянын мыйзамдарына ылайык жогоруда белгиленген жол-жоболордон өтүшөт.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган маселелер боюнча кызматташууну мындан ары бекемдөө, ошондой эле Кыргызстандын аймагында мамлекеттик "миграциялык борбор" өкүлчүлүгүн ачуу боюнча пландарды ишке ашыруу боюнча макулдашылды", - деп билдиришти министрликтен.
Макулдашууга ылайык, эми Орусия тараптын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, борбордун филиалын жайгаштыруу үчүн министрлик сунуш кылган жайлар менен таанышышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан