“Азия MIX” КВН командасынын мурдагы мүчөсү Марат Жуманалиев (Маратик) эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады. Атайын кызмат Жуманалиев “алдамчылык” беренесине шектелип жатканын кошумчалады.
9-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча атайын комитет алдамчылык беренеси менен эки киши кармалганын маалымдаган. Анда шектүүлөр "Спекулянт" ишканасынын жетекчисинен компанияга козголгон кылмыш ишти чечип берүү үчүн чоң суммадагы акча алганын билдирген.
Ал эми Марат Жуманалиев буга чейин өзүнүн Инстаграмдагы баракчасында тергөө абагынан бошотулганын айтып атайын билдирүү жарыялаган. Анда түшүнбөстүктөр болуп кеткенин айтып, териштирүү жүрүп, бири-биринен кечирим сураганын билдирген болчу.