Өлкө башчысы Садыр Жапаров спортчу Жоламан Шаршенбековду жеңиши менен куттуктады. Бул туурасында президенттин социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.
"Намыска жарадың Жоламан баатыр! Азаматсың! Кыргыздын баатырлык сапатын дагы бир жолу даңазалап, күйөрмандарың үчүн да, жалпы кыргыз эли үчүн да эң мыкты кармаш көрсөттүң.
Силердей спорттун чеберлеринин ар бир мындай жогорку жеңиши артыңарда өсүп келе жаткан жаш балбандар үчүн да чоң шыктандыруучу мааниге ээ. Сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик ар дайым жылмайып турушун каалайм! Чоң спортто сен багынта турган мындан да чоң жетишкендиктерге кыргыз эли менен чогуу күбө бололу!", - деген Жапаров.
Белгилүү болгондой, Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешинде алтын медалга ээ болду. Муну менен Шаршенбеков Кыргызстандын тарыхында эркектер арасында экинчи Дүйнө чемпиону болду.