Бүгүн, 14-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард 445 миллион куб метрди түзгөнүн “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, суунун агып келиши секундасына 356 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 176 куб метрге жетүүдө.