Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу бойдон турат

Баткендин кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы тилкесинде саат 11:30га карата абал чыңалуу бойдон турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Окуя болгон жерде Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Согди облустук башкармалыгынын башчысы Хикматулло Пиракзоданын жолугушуусу өттү.

Саат 11:30га карата аскер кызматкерлери арасында жабыркагандар жок.

УКМКнын Чек ара кызматы ок атышууну токтотуу жана чек ара чатагынын күчөшүнө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүп жатат.

Бүгүн эртең менен кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алып, тажик тарап миномёт колдонгону кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан