Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу транспорт министри өзүнүн ишин жөндөй албай жаткандыгын айтып, отставкасын талап кылды.
“Транспорт министринин отставкасын талап кылам. Себеби Ош-Раззаков унаа жолуна Япониядан 118 миллион доллар насыя, грант келгенине карабастан тендер уюштура алган жок. Жолду кеңейтебиз деп элдин үйлөрүн бузуп салышкан, жолду кеңейтүү иштери дагы деле башталбай турат. Былтыртан бери какшап келатабыз. Транспорт министри жөндөй албайбы, отставкага кетсин!”, - деди Коргонбай уулу.