Кудай деп туралы. Акылбек Жапаров Теңгиз Бөлтүрүктүн кармалышы боюнча комментарий берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кумтөр Голд Компани" компаниясынын мурдагы башчысы Теңгиз Бөлтүрүктүн камалышы тууралуу "Азаттыкка" кыскача комментарий берди.

"Анын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот гана аныктайт. Дагы бир жолу айтып коюшум керек, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн. Азыр зыян тууралуу Эсеп палатасынын алдын ала чыгарган жыйынтыгынын негизинде маалымат берилип жатат. Биз эми мындайлардын далайын башыбыздан өткөргөнбүз. Азыр эми Кудай деп туралы. "Кумтөр" өзүнүн жумушун так аткарып жатат. Бир дагы грамм алтын сыртка кеткен жок. Президент Садыр Нуркожоевич парламентти дагы, оппозицияны дагы чакырды, комиссия түзүп алып келсеңер алтынды кантип казып алабыз, каякта сактайбыз, кантип сатабыз, баарын аларга көрсөткөнгө макулбуз. Алардан сунуштарды күтүп жатабыз", - деди Жапаров.

Кечээ, 13-сентябрда Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tok.um.rus.is.
2022-09-14 16:27:00
Бөлтүрүк карт бөрү болгуча жок кылгыла
+1
OMURBEK.
2022-09-14 16:31:00
<Болтурук болтурук кеттинго бизди олтуруп >деееп отуруп калбасак болду деп айткан эле эмгек синирген кыргыз акыны депутат Момбек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан