Муниципалитеттен маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы жана болочок долбоорлорду талкуулашты. Атап айтканда, жаратылыш газы менен жүрүүчү автобустарды сатып алуу процессин тездетүү.

"Банк ошондой эле “Бишкек суу долбоору” жана “Бишкек үчүн автономдуу троллейбустарды сатып алуу” аттуу эки долбоорду сунуштады.

Мэр бул долбоорлор борбордун мэриясында тармактык адистерди тартуу менен кеңири карала турганын белгиледи", - деп жазылат маалыматта.