Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода окуя катталган Баткен районунун Булак-Башы жергесинен Баткен районунун Достук айылына барышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Учурда эки тараптын жетекчилери күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы аймактагы абал боюнча кошумча маалымат берилерин айтты.
Буга чейин УКМКнын чек ара кызматы чек арадагы ок атышуу токтогонун билдирген.