Баткен районунун Самаркандек айылынын жашоочулары коопсуз жайга чыгып кетүүнүн аракетин көрүп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар билдирди.
"Айылдын негизги жолдорунда унаалардын узун кезеги пайда болду. Эл коопсуз жайга кетүүнүн аракетин көрүп жатышат", - дейт жергиликтүү тургун.
Маалыматка ылайык, саат 15:08де тажик тарап Баткен районунун Паскы-Арык тилкесиндеги Кыргызстандын "Самаркандек" чек ара заставасынын чек арачыларын көздөй ок чыгарышты. Кыргыз аскерлери ага жооп иретинде курал колдонгон. Ок атышуу уланып жатканы маалымдалат.