Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде саат 16:00гө карата кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан маалымдашты.
Кабарлангандай, “Самаркандек” чек ара заставасынын аймагындагы Паскы-Арык айылында ок атышуу токтоду.
Бүгүн эртең мененки саат 08:10дон баштап Баткен облусунун аймагында тажик тараптын провокациялары менен коштолуп, улам ок атышуулар маал-маалы менен орун алууда.
"Саат 08:10до Булак-Башы аймагында куралдуу кагылышуу болуп, саат 14:00дө Как-Сай жерлигинде, ал эми саат 15:08де Паскы-Арык жерлигинде тажик тараптан ок атуулар башталган", - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Эки тараптын сүйлөшүүлөрү эми Паскы-Арык жерлигинде уланары күтүлүүдө.
Чек ара өкүлдөрү чыр-чатак орун алган жерлерди кыдырып, атышуулардын чоо-жайын такташууда.