Энергетика министрлигиндеги айрым кызматкерлер тарабынан жасалган мыйзам бузуулардын натыйжасында мамлекетке 22 миллион сом, ал эми кылмыш иштери боюнча жалпысынан 889 миллион сом зыян келтирилди. Маалыматты Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалымдалгандай, Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлүп жаткан пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө Энергетика министрлигинде жана анын түзүмдүк уюмдарында мыйзамдарды, президенттин жарлыктары жана Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин талаптары бузулгандыгы аныкталган.
"Нормативдик укуктук актылардын талаптары бузулгандыгы боюнча прокуратура органдары тарабынан 132 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, мамлекетке 22 миллион 150 миң 218 сом өндүрүлгөн.
Мындан тышкары, Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштардын негизинде 32 кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 889 миллион 54 миң 197 сомду түздү", - деп жазылган маалыматта.
Текшерүүнүн алкагында энергетика тутумунун кызмат адамдары жана башка мекемелеринин кызматкерлеринин коррупцияга каршы аракеттенүү, эмгек, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө, энергетика жана отун-энергетикалык комплекси жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сакталуусу иликтенген.