Баткен районунун чек аралаш аймагында жайгашкан эл Рават айылына эвакуацияланууда. Жергиликтүү тургундар учурда 300гө жакын ар кайсы айылдан келген тургунду кабыл алып, үйлөргө жайгаштырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Рават айылынын башчысы Бакыт Турдуев билдирди.
"Рават айылынын эли качан гана мындай окуялар болбосун, коопсуз жай издегендердин баарын өз үйүнө жайгаштырып келет. Бул ирет да үйүн таштап качып чыккандарды кабыл алып жатабыз. Азыр да келип жаткандар бар. Ар бирине жай таап, жайгаштыруудабыз. Тамак-ашына чейин каралашып, дайымкыдай эле жардамыбызды берип жатабыз", - дейт айыл башчы.
Буга чейин да чек арада чыр чыккан учурларда Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай, Жаңы-Бак, Көк-Таш айылынын тургундары Рават айылына көчүрүлүп келген.
Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде саат 16:00гө карата кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турганын УКМКнын Чек ара кызматы билдирген.