Бүгүн, 14-сентябрда президент Садыр Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, саммиттин аянтчасында мамлекет башчысы жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Кыргызстандын Өзбекстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Муса Жаманбаев;
Транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.
Белгилей кетсек, ШКУ саммити Өзбекстан Республикасынын төрагалыгы алдында өтөт.