Таалайбек Ибраев энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Таалайбек Ибраев энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.
Буга чейин Эркин Тавашаров энергетика министринин орун басары кызматынан бошотулгандыгы кабарланган.