Орусиянын 3-президенти Дмитрий Медведев Ленинградда мугалимдин үй-бүлөсүндө 1965-жылы 14-сентябрда туулган. Үй-бүлөдө жалгыз бала болгон Дмитрий 1987-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1990-жылы болсо ошол эле университеттин аспирантурасын окуп, аяктаган.
Эмгек жолу Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде атуулдук укук боюнча кафедрасында мугалим болуудан башталган. Ошондой эле Орусиянын президентинин администрация башчысынын орун басары, анан ошол эле жерде биринчи орун басар, кийин "Гаспром" ОАОнун жетекчилигинде иштеп, 2003-жылы Орусиянын президентинин администрация жетекчилигине дайындалган. 2005-жылы ноябрда Орусия өлкөсүнүн өкмөт башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп, 2008-жылы 2-мартта Орусия мамлекетинин президенти болуп шайланган. Президенттик мөөнөтү 2012-жылдын 7-майында аяктап, 2012-жылдын 8-майынан тартып Орусиянын өкмөт башчысы болуп ишин уланткан.