Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору болуп Айгүл Абдраева дайындалды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө таянсак, министрлик жарыялаган сынактын жыйынтыгында Абдраева эң жогорку упайга ээ болгон.
Буга чейин Айгүл Абдраева ушул эле университетте биринчи проректор болуп эмгектенип келген.