Башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Нарын шаарынын жана Нарын районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул жөнүндө Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Кабарлангандай, жолугушууга мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.
"Жыйында жергиликтүү тургундар түрдүү багыттагы суроо-талаптарын айтышып, жетекчилерден маселелердин чечилүүсүн сурашты. Алар негизинен укук коргоо органдарына тийиштүү көйгөйлөр, социалдык-экономикалык маселелер, коомчулукта орун алган резонанстуу окуялар тууралуу кеп козгошту.
Башкы прокурор жарандардын суроолоруна жооп берип жатып, эл менен жолугушуулар өлкө башчынын жеке көзөмөлүндө экендигин баса белгилеп, ар бир кайрылуу жоопсуз калбастыгын, сөзсүз түрдө мыйзамдуу чара көрүлөрүн убадалады", - деп айтылат мекеме жолдогон маалыматта.
Жолугушууга Нарын шаарынын жана Нарын районунун 600дөн ашуун тургуну катышты.