Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери баштаган делегацияларынын жолугушуусу өтүп жатат. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев сүйлөшүүлөр боюнча маалымат берди.
"Азыркы учурда Достук айылында Согди облусунун жетекчиси жана күч структураларынын жетекчилери менен биргеликте сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз. Биринчиден биргеликте башкаруу пунктун орнотуу, экинчи кайсы айылдардын чек арасында ок атуулар болсо, күч структураларынын жетекчилерин жооптуу кылып дайындап жатабыз. Үчүнчүдөн келген күч структураларын дайыма кызмат кылган жерлерине кайтаруу боюнча сүйлөштүк.
Биргеликте айылдардын жооптуу жетекчилеринен маалымат алып турабыз. Учурда ок атуулар толугу менен токтоду. Бирок кошумча жумуштарды жүргүзүшүбүз зарыл. Мындан тышкары Лейлек районунун акимине коңшу өлкөдөгү кесиптеши менен жолугушуп чек арада элди дүрбөлөңгө салбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды койдук", - деп билдирди ал.