Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан дагы эки жаран жаракат алды. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө таянсак, "Самаркандек" чек ара заставасынын аймагында орун алган куралдуу чыр-чатактын натыйжасында Кыргызстандын 1991-жылы туулган И.к.Б жана 2001-жылы туулган Г.у.Б. аттуу жарандары жаракат алышты.
Дарыгерлердин айтымында, Г.у.Б. атуу Кыргыз жаранынын абалы орточо оор. Ал эми Самаркандек айылынын И.к.Б. аттуу тургуну октон жаракат алды. Ок ич көңдөйүнөн кирип бел бөлүгүнөн чыккан. Ичине кан толуп, 3-даражадагы травматикалык шок алып, абалы өтө оор, тез арада операцияга кылууга муктаж.
Жабыркаган жарандар Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилип, аларга бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө.
Саат 18:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.