Тажик тараптан атышууда кара кийимчен, эч кандай белгиси жок сакалчан адамдар карапайым калкка эч кандай зарылчылыксыз ок атканы өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматында айтылат.
"Айрыкча тажик тараптан атышууда кара кийимчен, эч кандай белгиси жок сакалчан адамдар карапайым калкка, инфраструктуралык объектилерге, турак-жай имараттарына жана жарандардын башка мүлкүнө эч кандай зарылчылыксыз ок атканы өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Ошол эле учурда тажик тарап гранатометторду, миномётторду жана ок атуучу куралдарды колдонушкан", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен кыргыз-тажик чек арасында ок атылганы кабарланган болчу. Облус башчысы эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилеп, ок атышуу токтогонун билдирген. Бирок андан көп убакыт өтпөй эле кайрадан ок атыла баштаган.
УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.
Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномёт колдоно баштаган. Ок атышуунун кесепетинен 4 Кыргыз жараны жаракат алды. Учурда жеринде сүйлөшүүлөр жүрүүдө.