Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал: Эки өлкөнүн район башчылары жолугушту

Лейлек району менен Тажикстандын Гафуров районунун башчылары жолугушту. Бул тууралуу президенттин Баткен районундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов баштаган райондун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Гафуров районунун төрагасы Зафарбек Давлатзода баштаган жетекчилер менен жолугушту.

Район башчылары бүгүн, 14-сентябрь күнү Баткен районунун аймагында катталган окуяга байланыштуу аталган эки райондун аймагында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана кырдаалды көзөмөлгө алуу боюнча сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу Баткен жана Согди облустарынын башчылары Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзоданын жолугушуусунун алкагында, чек аралаш аймактарда орун алган маселелерди кечиктирбей, ыкчам чечүү боюнча жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине койгон тапшырмаларынын негизинде болуп өттү.

Ушундай эле жолугушуу Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин да катышуусунда да өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан