Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн Төрт-Көчө жерлигинде болуп өткөн жолугушуусу аяктады. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкүдөй макулдашууларга жетишилди:
- Чек арадагы кырдаалга көзөмөл жүргүзүү үчүн Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Исфара багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү Төрт-Көчө жерлигинде болушат;
- Тараптардын укук коргоо органдарынын райондук бөлүмдөрүнүн (РОВД) өздүк курамы Төрт-Көчө жерлигинде кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүшөт;
- Саат 19:30да Төрт-Көчө жерлигинде кезектеги жолугушуу белгиленген, ага тараптардын Төрт-Көчө жерлигиндеги чек араны кайтарган чек ара заставаларынын башчылары катышат;
- Баткен облусунун жетекчилиги менен Кыргызстандын Баткен облусу боюнча чек ара өкүлүнүн тажик кесиптештери менен кезектеги жолугушуусу Как-Сай жерлигинде болот.