
Чүйдө 15 жаштагы
Барсбек Паратбеков дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын коомдук коопсуздук кеңешинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, өспүрүм Садовое айылындагы үйүнөн 4-апрелде чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Белгилери: бою 155-160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара, кыска.
Кийген кийимдери: ак футболка, кара түстөгү шым.
Өзгөчө белгилери жок.
Барсбек Паратбеков боюнча кандайдыр бир маалымат билгендер, төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 0555 230 490, 0755 074 720.