Чек арадагы ок атышууда 11 жаштагы бала жаракат алды

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда 11 жаштагы бала жаракат алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, саат 21:00гө карата Лейлек районундагы дарыгерлердин жалпы практикалык борборуна чек ара чырынан жаракат алган 11 жаштагы С.Н. аттуу тургун кайрылды. Абалы орто оор.

Буга чейин "Самаркандек" чек ара заставасынын аймагында орун алган куралдуу чыр-чатактын натыйжасында Кыргызстандын 1991-жылы туулган И.к.Б жана 2001-жылы туулган Г.у.Б. аттуу жарандары жаракат алышып, Лейлек райондук ооруканасына жеткирилген. Учурда аймактык ооруканада чек арадагы ок атышуудан жаракат алган 3 бейтап дарыланууда.

"Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана "Тез жардам" кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Бейтаптарды кабыл алуу үчүн жетиштүү сандагы керебеттер даярдалган. Дары-дармектер жана медициналык буюмдар, кан компоненттери жетиштүү санда бар", - дешти мекемеден.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан