Түн тынч өттү. Баткен облусунда абал туруктуу

Баткен облусунда абал туруктуу, түн тынч өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен жана Согди облусунан түзүлгөн атайын топ биргеликте иш алып барып, чек арада жайгашкан айылдарда туруктуулукту сакташты. Мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, тараптардын күч түзүмдөрүнүн бөлүмдөрү чек ара аймактарында биргелешкен күзөт иштерин жүргүзүштү.

Учурда күч структуралары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

"Бүгүн да чек арада жумуштар улантылып, тиешелүү кызматтар өз иштерин алып барышат", - деп айтылат өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан