Баткен облусунда милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды көрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, элдин коопсуздугун камсыздоо максатында жеринде иш алып барууда.
"Облустун шаарларында, калктуу конуштарда, айыл-кыштактарда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча 2022-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин милиция кызматкерлеринин түнкү жана күндүзгү кайгуул багыттары түзүлгөн", - деп айтылат билдирүүдө.
Милиция кызматкерлерине өткөн таңкы нускамаларда кызматтык тартипти сактоо эрежелери жана жарандар менен сылык мамиледе болуулары эскертилип жатат.
"Учурда Баткен облусунун аймагында жалпысынан абал туруктуу", - деп кошумчалашты милициядан.