Эт азыктарынын сапаты QR-код аркылуу текшерилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"Эми ар бир жаран базардагы мал этинин сапатын, малдын союлган күнүн QR-код аркылуу текшерип билсе болот", - деп жазылат ведомствонун билдирүүсүндө.
Мындай ыкма эт продукциясынын союлган жеринен баштап, канча жолу ветеринардык экспертизадан өткөндүгү жана бул мал этин сатууга уруксаты барбы деген сыяктуу маалыматтардын баарын камтыйт.