Баткенде тынчтык орноду, бирок чыңалуу бар. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди. Тажик тарап кол салуу боюнча алдын ала даярдык көргөнүн жана бир учурда беш жерден Кырызстандын аймагына чабуул койгонун айтты. Ташиев белгилегендей, анын төртөөсү аскердик имарат болсо, бирөөсү жарандык объект болгон.
Тажик тараптын кол салуусунан улам «Самаркандек» жерлигинде 10 жарандын имараты жабыркаган жана төрт жаран ар түрдүү жаракат алган. Кечээки чек арадагы чырдын негизги өзгөчөлүгү, булардын жарандар жашаган аймакка кол салгандыгы болуп жатат. Бул өтө кооптуу жана мыйзамсыз аракет. Мындан кийин да ушундай кадамдарын улантышса, биз сөзсүз түрдө адекваттуу чараларды колдонобуз. Ошол эле учурда биздин эки аскер кызматкерибиз да жаракат алышты. Калгандары Кудайга шүгүр тынч”, - деди УКМКнын төрагасы.
Мындан сырткары ал кыргыз тарапка тажик тараптын катардагы жарандары тарабынан чабуул башталганын айтып, бул маселе өтө кооптуу экендигин баса белгиледи.
“Бул тажик тараптын алдын ала даярдалган провокациясы. Алар согуштук позицияларды ээлегендиги боюнча да маалыматтар бар. Бирок биз эч качан өзүбүздүн кошунабызга карата жаман ойдо болуп, кайсы бир провокацияларга даярданып жүргөн эмеспиз. А булар ушундайга даярданып жатышат”, - дейт Ташиев.
Атайын кызматтын төрагасы чек ара маселеси президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экендигин белгилеп, чек арачылар милдеттерин так аткарып жатканын кошумчалады. Ошол эле учурда кооптонууга негиз жок экендигин маалымдады.
Кечээ, 14-сентябрда эртең менен кыргыз-тажик чек арасында ок атылган.