Акылбек Жапаров: "Билим берүү тармагына мамлекеттик инвестициянын көлөмү 64 миллиард сомго чейин жогорулатылат"

Билим берүү тармагына мамлекеттик инвестициянын көлөмү келерки жылы 64 миллиард сомго чейин жогорулатылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушундагы мектептин ачылыш аземинде билдирди.

"Бүгүн 5 жылдан бери курулушу бүткөрүлбөй келген мектепти ачып жатабыз. Анын курулушуна 136 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн. Мектеп заманбап технологиялар менен жабдылган жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Тактап айтканда, 40 класска проектор экрандары орнотулуп, жыгач устачылык жана ашпозчулук класстары бар, тигүү жабдыктары орнотулуп, спорт залы жана спорт аянтчасы курулган. Мындан тышкары стоматологиялык кабинет иштейт. Бул шарттардын баары мурда менчик мектептерде гана болсо, эми мамлекеттик мектептерде да мындай шарттар болот. Көрсөтүлгөн инфраструктура донорлордун эсебинен эмес, бюджеттик каражаттардын эсебинен түзүлдү", - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, күчтүү, кесипкөй кадрлар менен чыңдоо үчүн мектеп директорлорун аттестациялоо жана ротациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Акылбек Жапаров быйыл билим берүү тармагына 47 миллиард сом бөлүнгөнүн, келерки жылы мамлекеттик инвестициянын көлөмү 64 миллиард сомго чейин көбөйтүлөрүн белгиледи.

"Мектептерди өнүктүрүүгө 5 миллиард сом бөлүүнү пландап жатабыз. Министрлер кабинети мектеп окуучуларын ноутбуктар, жаңы электрондук окуу китептери менен камсыз кылуу, дүйнөнүн алдынкы мамлекеттеринин тажрыйбасын өздөштүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул мектепке кыргыз элинин залкар жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун ысымы ыйгарылган. Мындан ары мектептерге, бала бакчаларга жана башка социалдык-маданий объектилерге тарыхый инсандардын, улуттук классиктердин ысымдары ыйгарылат. Президент мамлекеттик саясатты өзгөртүүдө. Мамлекет өнүгүү курсун алды. Бизге элдин колдоосу, биримдик, тынчтык жана ар тараптуу өнүгүү керек", - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Андан соң Акылбек Жапаров жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров мектепти көрүп чыгышып, мектеп окуучулары менен баарлашып, билим берүү мекемесинин аймагын жашылдандыруу иш-чарасына катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан