Камчыбек Ташиевдин кызматтык унаасы бир адамды сүзүп кеткени тастыкталды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтык унаасы бир адамды сүзүп кеткени тастыкталды. Окуя боюнча расмий билдирүүнү атайын кызматтын маалымат кызматы таратты.

"Окуянын чоо-жайын тактоо учурунда Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу «Манас» аэропортунан Бишкекке кайтып келе жатканы белгилүү болду. Трассада Бишкек шаарынын тургунунун скутерин Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Окуянын катышуучулары бул кичинекей жол кырсыгын тынчтык жолу менен чечишти", — деп айтылат маалыматта.

Кабарлангандай, жол кырсыгынын кесепетинен жабыркагандар жок.

"Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, скутердин айдоочусунун абалы канааттандырарлык, бир аз гана көк ала тактар ​​бар", - деп кошумчалашты атайын кызматтан.

Буга чейин аталган окуя боюнча Хамидулло Узаков аттуу Фейсбук колдонуучусу жазып чыккан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан