Салык кызматы транспорт салыгын төлөбөгөн 618 унаанын ээсине айып салды

Салык органдары 10 күндүн ичинде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 255 рейддик иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 12 миң 696 транспорт каражаты текшерүүгө алынып, анын ичинен 618 унаанын ээси транспорт салыгын төлөбөгөндүгү аныкталды. Жыйынтыгында мыйзамда белгиленген мөөнөттө салык төлөбөгөндүгү үчүн 618 миң сом суммасында административдик айып салынып, анын 461 миң сому өндүрүлдү.

Эскерте кетсек, транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган. Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында административдик айып каралган. Мындан тышкары салык төлөмүн кечиктирген ар бир күн үчүн туум эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2022-09-15 21:06:00
Мындан сырткары канча айдоочунун 200 сомдон акчасын сол чөнтөккө урушту гаилерин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан