Эртең, 16-сентябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан маалымдашты.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 27...32;
Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 21 ... 26;
Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 23...28;
Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 22...27;
Бишкек шаарында түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29.