Теңгиз Бөлтүрүк: "Бардык айыптоо калп, абсурд"

"Мен өлкө үчүн колумдан келгендин барын жасадым. Азыркы түзүлгөн абал мени да таң калтырып жатат" мындай пикирин Теңгиз Бөлтүрүк сот залында "Азаттыкка" билдирди.

“Бардык айыптоо калп, абсурд. Мен эки чоң компаниянын жетекчиси болуп иштедим, андан сырткары юридикалык иштерди дагы мен аткардым. Менде аябай көп иш болду. Мен бардык иштерди көзөмөлдөөгө жетишкен жокмун. Айрымдары чынында коррупциялык иштер менен алектеништи. Алардын арасында өлкөдөн качып кеткендери да бар. Анын баарын мага шылтоо негизсиз”, - деди Бөлтүрүк.

Мындан сырткары ал жетектеген компанияда бардык жумуштар тендер аркылуу гана жасаларын, анын баары түзүлгөн комиссиянын көзөмөлү менен ишке ашарын кошумчалаган.

Ошол эле учурда тиешелүү кызмат текшерүүнү жүргүзүп, айыптоолор ачык-айкын иликтенерине ишенерин билдирген.

"Садыр Нургожоевич менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Көзөмөлгө алам деп сөз берген эле. Мен эркекче сөз бергем, "Кумтөрдү" алып берем деп, милдетимди аткардым" - дейт ал.

Эскерте кетсек, учурда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы каралып жатат.

Буга чейин Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери, учурда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктү кармаганы белгилүү болгон. Мындан сырткары камсыздандыруу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева менен каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган.

Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан