Азербайжан менен Армениянын чек арасында чыккан чырдан 3 күндө 176 аскер кызматкери каза болду

Армения менен Азербайжандын чек арасында чыккан куралдуу кагылышуудан жалпысынан 176 аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматта айтылгандай, Азербайжан өлкөсүнүн Коргоо министрлиги 71 аскер кызматкеринин каза болгонун кабарлаган. Ал эми Армения 105 аскери көз жумганын айтып чыккан.

Эскерте кетсек, 13-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжандын чек арасында катуу атышуу башталган. Мындан улам Армения ЖККУдан жардам сурап кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан