УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Самаркандек айылына барды. Бул туурасында өкүлчүлүктөн маалымдашты.
Белгилүү болгондой, 14-сентябрь күнү катталган чек ара окуясында Самаркандек айылында да ок атышуу катталган. Ошондой эле жергиликтүү тургундун үйүнө снаряд түшкөн.
"Камчыбек Ташиев бул снарядды зыянсыздандыруу үчүн атайын адистерге тапшырма берип, айыл элин жана жалпы өлкөнүн чек арасын кайтаруу көзөмөлдө экендигин айтты. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен да жолугушуп, суу көйгөйү, чек ара жана башка социалдык маселелер көтөрүлүп, чечип берүү жагы айтылды", - дешти өкүлчүлүктөн.