
Өлкөдө 500гө жакын ымыркайга Акжол, Жоламан, Амантур ысымдары ыйгарылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинин «ЗАГС» АИС маалыматы боюнча, 2022-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин 500гө жакын ымыркайга күрөш боюнча дүйнө чемпиондору Акжол, Жоламан жана Амантурдун ысымдары ыйгарылган.
2022-жылдын 1-январынан 15-сентябрына чейин 292 ымыркайга Акжол, 30 наристеге Жоламан, 172 ымыркайга Амантур ысымдары коюлган.
Өткөн жылы 1000ден ашуун жаңы төрөлгөн ымыркайга Токио Олимпиадасынын байге ээлери Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарованын ысымы ыйгарылган. Ошондой эле 2021-жылдын октябрь айында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүнүн ысымын үч эм кызга Айсулуу, Айпери жана Мээрим деп коюшкан.