Ага ылайык, учурда окуучу кыз тиешелүү дарылануудан өтүүдө жана дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы канааттандырарлык.

Мындан тышкары ооруканага Билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Джанышева жана Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Элден Калчакеев дагы барган.

Белгилей өтсөк, окуучу кыз кечээ, 14-сентябрда саат 12:30да Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилип, травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Окуя боюнча кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат, кошумча маалымат берилет.