Депутат Тикток тиркемесине тыюу салууну сунуш кылды

Депутат Надира Нарматова Тикток тиркемесине тыюу салууну сунуштады. Бул туурасында эл өкүлү Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда өспүрүмдөр арасында катталып жаткан жагымсыз окуяларга аталган тиркеме таасир берип жатат.

"Сиз өспүрүм шектүүлөрдүн бири менен байланышып жүргөн экен деп жатасыз. Өспүрүм өзүнөн 20 жаш улуу адамдар менен телефондо кандай байланышы болот? Ошон үчүн Тикток деген нерсеге тыюу салуу маселесин карап көрүңүздөр. Тиешелүү органдар, уюмдар, керек болсо аткаруу бийлиги менен биргелешип социалдык тармактагы Тикток деген тиркемени токтотуш керек. Өспүрүмдөр арасында Тикток тартышып ушундай окуялар чыгып жатат. Кыргызстандын аймагында өспүрүмдөрдүн көз карашын тескери багыттаган тиркемеге тыюу салуу зарыл", - деп кайрылды депутат ИИМдин өкүлүнө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Чынгыз Эргешов
2022-09-16 01:43:00
Эң туура маселе, жабылсын!
+2
kebranum
2022-09-16 03:21:00
Эн бир койгойлуу маселелердин бири жабылсын
0
portugalia
2022-09-16 06:46:00
Жабылса жакшы эле.Обу жок болуп баратышат тик ток коргондор
0
AiTal
2022-09-16 07:29:00
Эң туура маселени көтөрүп атат. Жаап салуу керек.
0
XATSAN125
2022-09-16 08:52:00
Туппа туура жабып салыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан