Кыргыз-тажик чек арасынын бардык жагында куралдуу кагылышуулар болуп жатат

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 16-сентябрь саат 08:25ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон.

"Тажик тарап Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштады. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп жатат. Бул багытта турган УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жооп иретинде ок атууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан