Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу уланууда. Бул тууралуу Баткендеги президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Баткен облусунун Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында, ошондой эле Лейлек районунун Кулунду, Достук, Максат, Жаңы-Жер, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин айылдарында ок атышуу уланып, токтой элек.
Кырдаал чыңалуу бойдон.